Апамдын тизеси ооруй берет
2018.09.11, 15:28
1184
Апамдын тизеси ооруйт. Мурун бруцеллез болгон. Кантип айыктырса болот? Дайыма “индометацин” дарысын ичет. Муну ичсе болобу? Эч кандай зыяны жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.09.2018, 15:38
Кадича Максутова
Терапевт
Апаңыздын ден-соолугуна сарсана болуп суроо узатканыңыз үчүн рахмат! Бруцеллез менен ооруган адамдын тизеси ооруйт. Айыгуу үчүн дарыгердин көзөмөлүнөн чыкпай, убактысы менен дарылануу керек.
"Индометацин" дарысын өз алдынча ичүүгө болбойт. Бул дарыны көп ичсе гастрит оорусу козголот. Ошондуктан дарыгер сунуштаганда гана ичүү кажет. Апаңыздын ден-соолугу чың болсун!
0
Пайдалуу жооп