Коркунучтуу оору жугузуп алдым окшойт
Азыркы тапта Түркиядамын. Жыныстык мүчөм сайышып оорутуп, бат-баттан дааратканага баргандыктан ооруканага кайрылгам. Простатиттин белгилери жок экен. Азыр 2-3 саатта бир дааратканга барам, бирок уруктукка окшогон суюктук чыгып жатат. Эмнеден болушу мүмкүн?
Нурлан Эгетаев
Уролог
Урматтуу окурман, суюктуктун чыгышы кандайдыр бир жынынстык жол менен жугуучу инфекциядан болушу мүмкүн. Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялар сүзөк (гонорея), гениталдык герпес, сифилис, хламидиоз, педикулез жана башка.
Мисалы, сүзөк (гонорея) инфекциясы жукканда жыныс мүчөдөн ириң же көгүш суюктук бөлүнүп чыгат, заара ушатканда ачышат.
Ошондуктан сиз кайрадан анализ тапшырып, урологдун көзөмөлүнөн өтүшүңүз керек. Ооруңуздун себебин тезинен билүү кажет. Ден-соолукта болуңуз!