Сабакка барганга көңүлүм жок, себеби...
2018.09.11, 09:45
1209
Бир туугандарым мени кыйнап окууга киргизип койгон. Сабакка барганга көңүлүм жок. Ушундан улам сөз көтөрө албай, ызаакор болуп баратам. Канткенде өз каалоомо жетем?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.09.2018, 10:06
Ширин Амантурова
Психолог
Кымбаттуум, үй-бүлөлүк көйгөлөрдөн улам канчалаган улан-кыздар билимсиз калып жатышат. Билим алуунун эч кандай зыяны жок.
Бир туугандарыңыз сиз каалаган кесипке тапшыртпай койгону үчүн окууга болгон каалооңуз жок болуп жаткандыр. Бул маселени жай олтуруп жакын адамдарыңызга түшүндүрүңүз. Шартыңыз болсо кайрадан каалаган кесибиңизге тапшырыңыз.
Билесизби, эгерде адамда каалоо күчтүү болсо, баардык тоскоолдуктарды жеңет. Чоң ийгиликтерди багынтасыз деген ишеничтемин!
0
Пайдалуу жооп