Төрөгөндөн корком
"Симфизит" 8.8 мм менен өзүм төрөй аламбы же кесарево менен төрөтөбү? Аябай оорутат. Эркин кыймылдай албай калдым. Дарыгер “Эгер оору болсо кичинекей төрөсөң да ажырап кетет. Толгоо башталганда кесарево болосуң”, - деп жатат. Бирок бул дарыгер жеке ооруканада иштейт, акчам болсо аз. Мамлекеттик төрөт үйүнө барсам “13 мм болгондор деле төрөп жатат, эч нерсе болбойт” деп койду. Абдан коркуп жатам. Травматолог “Өзүң төрөбө, кесарево болгонуң эле жакшы” деген. Эгер толгоо болуп төрөт үйүнө барып, “өзүм төрөбөйм, ичимди кесип төрөткүлө” десем макул болушабы?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу суроо берүүчү, баланын мөөнөтү канча болду? "Симфизит" көбүнчө акыркы мөөнөттөрдө, баланын башы төмөндөгөндө башталат. Эгерде сиз травматологдун консультациясын алган болсоңуз, анын айтканын аткарыңыз. Төрөткө чейинки көзөмөлдөгөн гинекологуңуз кошумча сунуштарды берип, карап туруусу зарыл. Ден-соолугуңуз начарлай баштаса, тезинен төрөт үйүнө жатышыңыз кажет. Төрөткө чейинки белдемчини тагып басып жүргөндө чечпөөгө аракеттениңиз. Ал бир аз болсо да сизге жардамын берет. Төрөтүңүз жеңил өтсүн!