Карыган апамдын акчасына жашайбыз
Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашып кеткем. Кызыбызга 6 ай болду. ЖААК (ЗАГС) жок алимент ала албай жүрөм. Аталыгын аныктап аласың дешкен, үч ай болду дагы эле ала элекмин. Карып калган апам араң багып жатат. Иштейин десем кызым кичинекей. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, сиздерде ЖААК жок жана аталыгы тастыкталбаса, сөзсүз түрдө аталыгын аныктоо керек. Эгер атасы өз ыктыяры менен макул болбой жатса, сотко арыз менен кайрыласыз. Арыздын негизинде сот териштирүү иштерин жүргүзүп, аталыгы тастыкталса алимент өндүрүп берүү актысын чыгарып берет. Ал эми алиментти сот аткаруучу өндүрөт.
Бир балага ошол инсандын тапкан кирешесинин 4/1 бөлүгүн ала аласыз. Мисалы, ал киши бир айда 10 000 сом таба турган болсо, 4/1 бөлүгү 2 500 сом болот. Ал эми ал киши эч жерде иштебеген болсо, анда ал жашаган аймак боюнча айлык акынын орточо эсебинен 4/1 бөлүгүнөн алимент өндүрүлөт. Мисалы, аймактын орточо айлык акысы 12 000 сомдун тегерегинде болсо, анын 4/1и 3000 сом болот. Аракет кылыңыз!
Алимент өндүрүү жол-жоболору: https://bilesinbi.kg/article/156/