Дары ичпей айыгып кете аламбы?
2018.09.08, 13:18
2748
18 жаштамын. Турмушка чыга элекмин. Этек кирим бир айдан ашык келет. Мурун УЗИге түшсөм "гормондор бузулган" деп дары жазып берген, аны ичкен эмесмин. Оорум коркунучтуубу? Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.09.2018, 13:50
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, айтканыңа караганда айызың туура эмес келе баштаптыр. Дарыгердин жазып берген дарыларын сөзсүз ичүү керек болчу. Бир айдан бери этек кириң токтобой келип жатса кан азайуу коркунучу турат. Тезинен гинекологго көрүнүп, дарылан. Ден-соолукка кайдыгер караганың туура эмес.
0
Пайдалуу жооп