Байып кетсем жөлөк пул албай каламбы?
2018.09.07, 13:47
906
Балдарым жөлөк пулду 16 жашка чейин алабы? Документтерди бир эле жолу тапшырамбы же кайра-кайра тапшырып турамбы? Жашоо шартым жакшырып кетсе жөлөк пул албай каламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.09.2018, 13:48
Айкөл Турганбаева
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Окурман, "Үй-бүлөлүк көмөк" жөлөк пулун алууда документтерди толук тапшырган күндүн кийинки айынан баштап аласыз. Жөлөк пул 12 айга дайындалат. Демек, документтерди 12 айда бир жаңылатып турасыз. Эгерде үй-бүлөнүн кирешеси, балдардын саны, баланын жашы же маалымкаттардын мөөнөтү өзгөрсө жөлөк пулдун берүү убактысы дагы кыскарышы мүмкүн.
0
Пайдалуу жооп