Ата-энем "контуженный", өлгүм келет!
15 жаштамын. Төрт бир туугандын ичинен жалгыз кызмын. Ата-энемден өзүнчө өскөм. Алар менен такыр тил табыша албайм. Азыр чогуу жашап жатабыз. Ушул убакытка чейин менин чоңоюп калганымды сезбей эл укпаган, жаман сөздөр менен урушуп, басынтып, көп кол көтөрүшөт. Эмне себептен экенин билбейм. Колумдан келишинче жумуш жасайм. Бир туугандарымды урушпайт деле. Күн сайын уруш угам, бир нерсе болуп калса эле мен күнөөлүү. Атам эки жолу башынан жаракат алган, мындайча айтканда "кантуженный". Апам болсо атамдын сөзүн сүйлөп коёт. Алардын мазактаганына чыдабай 5-6 жолу өзүмө кол салдым. Кантсе да ата-энем деп унчукпай жүрөм. Баарынан тажадым. Жашоонун маңызы кетип калды. Эми дагы кол көтөрсө кантем? Өзүмдү кантип алып жүрөйүн? Ата-энем менен болгон сыйды жоготкум келбейт. Жашагым келет, бирок алар тынчтык берберин билип турам.
Ширин Аманурова
Психолог
Урматтуу окурман, ата-энеңизден өзүнчө өсүп, психологиялык соккуга кабылгансыз. Бул жерден психологиялык жардамга бир гана сизге эмес, ата-энеңиз да муктаж. Эне-атаңыз убагында бере албаган тарбиясын уруп-согуп, тилдеп компенсациялап туура тарбиялап жатабыз деп ойлоп жатат.
Эмнеге бардык учурда сиз күнөөлүү болуп каласыз? Анткени алардын тарбиясын албагандыктан, кылган ишиңизди туура эмес кылып жаткандай көрүшөт.
Суидцидге баруунун себеби:
1 . Өткөөл курак (татаал жаш курак, баардык нерсеге сезимтал болушат);
2. Айлана-чөйрө, достор, эң башкысы ата-эне менен келишпөө жана эмоционалдык планда алыс болуу;
3. Стресс;
Мындан башка дагы көптөгөн факторлор бар.
Сизге жардам берчү психологдор жана социалдык кызматкерлер менен байланышыңыз:
Балдарды коргоо лигасынын ишеним телефону - 0(312) 66 25 87
Балдар учун ишеним телефону-111 (чалуу акысыз).