Күйөөмдү өлтүрүп салгым келет
Жашоомдогу көйгөйлөрдөн улам депрессияга кабылдым. Турмушка чыккам, бирок балалуу боло элекпиз. Бул менин эң чоң көйгөйүм. Өзүм намаз окуп, жоолук салынып жүрөм. Мурун куран окуп жүрөгүмдү жумшартып, жеңилдеп алчумун. Азыр ага да болбой, буулугуп ыйлайм, ызаланам. Анысы аз келгенсип ишим жүрүшпөйт, колдогон адамым жок. Кайгыга батып олтуруп семирип дагы кеттим.
Жолдошум болсо орой, сөгүп, кагып-силкип турат. Аны көргөн сайын ачуум келип, өлтүрүп салгым келет. Ал мени тозоктун отунда кыйнап жаткандай туюлат. “Кийгенге кийимим, барганга жерим жок” десем ишенбесеңиздер керек, бирок бул чын. Эч ким мени түшүнбөйт.
Мисалы, жашоомду жаңыртайын деп эртең менен жаңы дем менен турам, бирок күйөөм сүйлөдү дегиче жашоом караңгылайт. Турмушка чыкканча бактылуу жашачу экенмин. Ал күндөр эми кайтып келбесе керек.
Кантип мурунку ордума келем? Психологго барсамбы? Сураныч, жардам күтөм!
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу суроо берүүчү, азыркы тапта жашооңуздун кризис маалын кечирип жатыпсыз. Депрессия болгон учурда жашоо өзүнүн маңызын жоготуп, майда көйгөйлөр чоң көрүнүп, адам туңгуюкка такалып, колунан эч нерсе келбечүдөй сезимдердин кучагында калат. Сиз көп убакыттан бери депрессиядасыз.
Жакын адамдарыңыздын жылуу сөзү, колдоосу жетишпей жатат. Кыйналып жүргөнүңүздү аларга билдиргенге аракет кылыңыз. Ичиңиздеги таарынычты, кайгыны, букту бирөө жарым менен бөлүшсөңүз дагы жеңилдеп каласыз.
Балалуу боло албай жатканыңызга өзүңүздү күнөөлөнүн кереги жок. Андан көрө жолдошуңуз менен биргеликте комплекстүү дарыланыңыздар. Бул абалдан чыгууга убакыттын жана психологдун жардамын колдонуп көрүшүңүздү сунуштайт элем. Редакцияга кайрылсаңыз, сизге психологдун номерлерин беришет. Ийгилик сизге!