16 жыл жашаган үйүбүздөн айрылганы турабыз
Үйүбүздү жерин саткан кишинин кызы талашып жатат. Жерди 16 000 сомго сатып алганбыз. Мурунку ээси саткандан кийин каза болуп калыптыр. Андан бери 16 жыл өттү. Эч ким бул убакытка чейин келген эмес. Жердин кызыл китебинде мурунку ээсинин аты-жөнү жазылуу экен. Ушул маалга чейин жер салыгын атам төлөйт. Кошуналардын баары биз тарапта. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Окурман, сиздердин маселени чечүүнүн эки жолу бар.
1. Сот аркылуу. Алгач сизге өз ишин мыкты билген адвокат же юрист керек. Андан соң, сатып-алуу келишиминин болгондугун аныктоо боюнча сотко кайрыласыз. Юрист жерди сатып алганыңызды, 16 жылдан бери жашап, салыгын төлөп келгениңизди тастыктаса, сот "келишими болгон" деп чечимин чыгарат.
2. Жердин мурунку ээсинин кызы аркылуу. Бул жол оңой болбойт, бирок аракет кылып көрүңүздөр. Кыз менен тил табышып, кагаз түрүндө келишим түзүп, атасынын жерин мурас катары кызга каттатып, кайрадан саттырып же сый менен берүүсүн суранасыз. Ошондо бул маселе чечилет.
Кайсыл жол сиздер үчүн ыңгайлуу?