Эркелигимдин айынан, келечегим...
16 жаштамын. Чоң атамдардын колунда эрке өскөм. Өзүмдүн ата-энем ажырашып кеткен. Атамдын башка аялы бар. Ал өгөй апам жакшы. Чоң атам менен чоң апам уруша берет. Үйдөн бир-эки жолу качтым. Ошондон улам ачуулуу болуп калдым. Бир нерсе десе эле ачуулана берем. Эмне кылсам болот?
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу суроо берүүчү, кичинеңизден мээримди чоң ата, чоң энеңиз бергендиктен эрке өсүпсүз. Ал эми азыр башыңыздан өткөөл куракты өткөрүп жатасыз. Өспүрүмдөр үчүн мындай сезимдер мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Үйдөн качканыңыздын белгисин “каршылык” деп түшүнсөк болот. Жөн жерден качкан жоксуз, эркелеткендерине карабай сизге болгон кандайдыр бир мамилеси, кылык жоруктары жакпайт.
Сиздердин эң башкы көйгөй – түшүнбөстүк. Баардыгыңыздар шашпай олтуруп, бири-бириңиздерге болгон таарынычтарды, өксүктөрдү ичиңиздерге сактабай айтканыңыздар туура. Эсиңизде болсун, өтө эркелик кийинки турмушуңузга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эмоцияңызды контролдоо үчүн психологдун жардамын колдонуп көрүшүңүздү суранат элем. Ийгилик!