Алкаш күйөөмдүн айынан...
Эки балам бар. Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 7 жыл болду. Башынан эле арак ичип, кол көтөрчү. Бир жолкусунда уулумду алып төркүнүмө кетип калгам. Күйөөм үйгө барышымды суранып келгенде, атам катуу эскертип мени коё берген. Ошондон кийин жолдошум беш жыл ичкен жок. Бул аралыкта кыздуу болдук. Атам дүйнө салды. Турмуш-тиричиликке акчабызды жеткире албай карызга баттык. Күйөөмө “Россияга барып иштеп кел, карыздарды төлөйлү” десем макул болбой, иче баштады. Эмне кылсам болот? Сүйлөшүп “бул кылганың туура эмес” десем түшүнгөн жок.
Ширин Амантурова
психолог
Урматтуу окурман, жолдошуңуздун сизге болгон мамилеси атаңыздан көз каранды болгондой сезим калтырды. Демек, күйөөңүзгө кеңеш бергенге, акыл-насаат айтканда атаңыздай авторитеттүү киши керек чыгаар.
Жашоодогу көйгөйүн ичкилик менен унутууга аракет кылып жатат деп билсеңиз болот. Аракты адам өз каалоосу, ыктыяры менен токтотмоюн жакындарынын аракети, сиздин сөзүңүздөн тыянак чыкпайт. Жолдошуңузга комплекстүү дарылануу шарт. Наркологдун, психотерапевттин жардамы керек. Сабырдуулук каалайм!