// //

Адвокатым сызга олтургузуп кетти

2018.09.03, 11:15
899

Саламатсызбы! Тааныш адвокатым менен иштешмекчи болгом. Ал акысын 500$ деди, 300$ бердим. Бирок 3 айда бир да жумушун аткарган жок. Аргасыздын сот иштеримди башка адвокатка өткөрдүм. Таанышым 100$ын берип, калганын бербей койду. Ортобузда келишим жок. Териштирип чыксам лицензиясы жок экен, эч нерсе кыла алган жокмун. Акчамды кантип кайтарып алсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2018, 11:48

Нурислам Раимжанов

Юрист

Окурман, акча берип юридикалык жардам ала тургандан кийин келишим түзуп алуу керек.

Таанышыңыз адвокатмын деп алдап, көз боёмочулук менен акчаңызды алып алган. Акчаны кайтарып алуу үчүн күч органдарына окуяны баяндап арыз менен кайрылышыңыз кажет. Милициялар ал кишинин үстүнөн "алдамчылык кылган" деп иш козгойт. Жабырлануучу деп табылсаңыз, материалдык доо коё аласыз. Айыптоо корутундусунда канча акча экени көрсөтүлүп, сотко жиберилет. Соттон күнөлүү деп табылса, акчаңыз чечим күчүнө киргенден кийин сот аткаручуулары тарабынан өндүрүлүп берилет. Ийгилик сизге!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт