Атам мени таштап кеткен. Эми...
Атам менден 30 жылдан бери кабар албайт. Бар экенимди билет. Башка бүлөсүнөн бир баласы бар. Элдер “атаңа барып жоолук” дешет. Бирок ал мага чоочун. Кандай кылышым керек?
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, ата-эненин ортосундагы уруш, таарыныч балдарга сөзсүз таасирин тийгизет. 30 жылдан бери бар экениңизди билип, кабар албаса ал атаңыздын жоопкерчилигинде. Кааласа кайдан болсо да сизди таап, жоолугуп, ушул күнгө чейинки ал-акыбалыңызды сурап, кызыктар болмок.
Жоолугушуу сиз күнкөндөй болот десеңиз, атаңыз менен кездеше берсеңиз болот. Эсиңизде болсун, күткөн нерсеңизди ала албай калсаңыз көңүлүңүз калып, катуу сокку аласыз. Жүрөгүңүздү угуңуз. Кийин өкүнүп калбагыдай болуңуз. Ийгилик!