// //

Кечинде паркта олтурганбыз, милициялар келип...

2018.09.01, 13:33
3089

18 жаштамын. Жигитим 24 жашта. Экөөбүз курорт жакта, кечки саат сегиздер чамасында машинада сүйлөшүп олтурсак, милициялар: “Зордуктоонун көп болгонуна байланыштуу рейд жүрүп жатат, милиция бөлүмүнө алып кетебиз, ата-энеңерге чалып айткыла, чыгарып кетсин”,- деди. Жашыруун сүйлөшүп жүргөнүбүзгө байланыштуу ата-энебизден коркуп, бир жагынан өз укугубузду билбегендиктен акча бергенбиз. КРнын мыйзамы бул окуяга кандай карайт?  18 жашка чыккан КРнын жараны кылмыш кылса ата-энесин чакырабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.09.2018, 13:39

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, кандайдыр бир кылмыш жасалган учурда мыйзам боюнча жакындарына кабар берилет.

Туура, курорт жакта зордуктоо фактылары көп кездешет. Алдын алуу максатында милиция кызматкерлери рейд жүргүзүп турат. Көмүскөдө сүйлөшүп олтурган болсоңуздар документтериңиздерди текшергенге акысы бар. Керектүү документтер жок болсо милиция бөлүмүнө алып барып өздүгүңүздөрдү тактоого милдеттүү. Эгер документтер бар болуп, эч кандай мыйзам бузбай, сүйлөшүп гана олтурган болсоңуздар кызматкерлер кое бериши керек. Ал эми акча бергениңиздер туура эмес. Түшүндүрө алдым деген үмүттөмүн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт