// //

Маркум карындашымдын балдары көчөдө калды

2018.09.01, 10:38
1985

Саламатсыздарбы! Карындашымдын каза болгонуна 2 жыл болду. Андан 5 жыл мурун жолдошу менен ажырашкан. Үч кызын мен багып алдым. Өзүмдүн наамыма каттатайын десем кыздардын атасы керек экен. Бирок аны таппай жатабыз. Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.09.2018, 12:41

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Алгач жашап жаткан аймагыңыздагы социалдык коргоо уюмунун жаш балдарды коргоо бөлүмүнө абалыңызды жазып, арыз менен кайрыласыз. Алар сиздерге керектүү документтердин тизмесин сунуштайт. Документтерди топтогондон кийин уюм балдарга камкор боло алаарыңызды тастыктаган жыйынтык кагазын чыгарып берет. Ошол чечимдин негизинде сотко кайрыласыз. Эгер сот кыздардын атасын керек деп тапса, аны издөөгө жарыя кылат. Ал эми атасын керек эмес деп тапса, маселени чечип берет. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт