Коркоктор балалуу боло албайбы?
2018.08.30, 12:34
1041
Турмушка чыкканыма эки ай болду. Бир жыл мурун жол кырсыгына кабылгам. "Жүрөгүң түшүп калды" деп жүрөгүмдү көтөрткөнбүз. Азыр кичине эле бир несе болсо чоочуй берем. Жүрөгү түшсө боюнда болбойт деп уктум. Ошондо менин боюмда болбойбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.08.2018, 12:44
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, чоң стресске кабылыпсың. Балалуу боло албай каламбы деп, жолдошуң менен биргеликте бир жыл жашап кош бойлуу болбой калсаң корксоң болот. Бирок азыртан ойлонуп алдын ала баштаганың абдан жакшы. Сага эмчинин жардамынан башка психологдун жардамы керек. Жолдошуң менен биргеликте дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштайм. Бактылуу болуңуздар!
0
Пайдалуу жооп