Карылар студент боло алабы?
28 жаштамын. Мектепти бүтүп окууга тапшыруу учурунда ата-энемдин каалоосу жана престиждүүлүгүнө карап, өзүмө кызыксыз кесипти тандагам. Окуп жаткан учурда окуумду таштап салгым келген. Бирок, апам "эл эмне дейт" окууну бүтүшүмдү талап кылган эле. Окуумду бүтүп, кесибим боюнча боюнча да иштедим. Бул нерсе мага ырахат тартуулабагандай. Ырдаганга, элдин көңүл борборунда жүргөнгө кызыгам. Кайрадан өзүм кызыккан тармактан билим алууга кеч эмеспи? Жолдошум мени колдойт.
Саламатсызбы урматтуу окурман! Кайрадан өзүңүз каалаган тармактан билим алууга эч качан кеч болбойт. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамында билим алууга атайын чек коюлган эмес.
Өмүрлүк жарыңыздын колдоосу болуп жатса, эңсеген кесибиңиздин ээси болуңуз. Билимдүү болууга жаш курак эч качан тоскоол болбошу керек. Сизге ийгилик каалайбыз!