Жолдошум сойкуларга жакын
Эки ай мурун турмушка чыккам. Бул менин экинчи турмушум. Башында баары ойдогудай болчу. Бирок, жолдошум акыркы күндөрү өзгөрдү. "Мурунку аялым түшүмө кирип тынчтык бербей жатат",- дейт. Мага көңүл бурбайт, жадагалса мени менен бирге жаткысы келбейт. Сойкуларга бараарын дагы билип калдым. Мен аны сүйөм. Кантип оң жолго салсам болот? Кеңеш бериңиздерчи.
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Кутман таңыңыз менен урматтуу окурман! Учурда сиздин психологиялык абалыңыз начарлап, өзүңүздү начар сезишиңиз мүмкүн. Биринчиден күйөөңүз менен сүйлөшүп өзүңүздө болуп жаткан кабатырланууну айтышыңыз керек. Ажырашуудан көп убакыт өтпөсө мурунку жашоосун унута албай жаткан чыгаар. Балким мурунку аялы менен болгон чыр-чатактардын чечилбей калганына кабатыр.
Жолдошуңуздун сойкуларга барып жатканын кайдан билдиңиз? Мүмкүн бул ушактыр. Чын-төгүнүн жубайыңыздан сурап тактап көрүңүз. Ортодогу мамилени сактап калуу эки адамдын бирдей салымын талап кылат. Бирок, күйөөңүздүн орой мамилесине дагы чыдап олтура бербешиңиз керек. Мен сизге психологго кайрылууну сунуштайм. Ийгилик сизге!