Зектен төрөп алдым
Биринчи турмушумдан бир кызым бар. Атасы Россиядан кылмыш кылып соттолуп кетиптир. Биз мыйзамдуу түрдө ажырашканбыз. Бирок кызымдын фамилиясы атасынын атында. Эми кызымды башка өлкөгө алып чыга аламбы? Камалып кеткендиги үчүн аталык укугунан ажыратсам болобу?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, суроо менен кайрылганыңыз үчүн рахмат!
Камалып кеткен жолдошуңуздун камалгандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын жазаларды аткаруу мекемесинен тактама алуу керек. Тактаманы алуу үчүн http://fsin.su/fsin/details/ шилтемеси аркылуу арыз жиберсеңиз болот. Аны алгандан кийин, өзүңүз жашаган жер боюнча аталык укугунан ажыратуу арызы менен сотко кайрыласыз. Болбосо азыркы жолдошуңуз баланы асырап алуу максатында сотко кайрылса болот. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111521 шилтемеге кирип 270-берене менен таанышып алыңыз. Ийгилик каалайм!