// //

Шефимдин сынынан өтпөй калдым

2018.08.15, 15:00
1355

Шефим ар бир кылган ишимди карап олтурат. Көп кемчиликтерди айтат, урушат. Өзүмдүн байкоом боюнча жакшы эле иштеп жатам. Эмне кылсам болот? Мага кеңеш бере аласыздарбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.08.2018, 15:04

Айнура Кошоева

ЖЧК "СкайМобайл"дын кызматкерлерди башкаруу боюнча кызматынын директору 

Сурооңуз үчүн чоң рахмат! Жетекчиңиздин аракетин түшүнүү үчүн сиздин абалды жакшылап карап чыгуу керек. Айткандарыңыз боюнча кеңеш бере кетсем, жетекчиңиздин кайтарым байланыш берип жатканы жакшы. Эгерде ал сизден негативди гана көрүп, критикага ала берсе дагы, аны позитивдүү кылып жеткизиши керек эле. Интернеттен "Кайтарым байланыш деген эмне, аны адамга кантип берип, кайра кантип алса болот?"  деген маалыматты окуп чыгыңыз. Мүмкүн сиздин жетекчиңиз кайтарым байланыш позитивдүү же негативдүү болоорун унутуп калгандыр. Ошондой эле "Өнүктүрүүчү кайтарым байланыш" деген бар. Мисалы, “бул отчетту жакшы жазыпсың, дагы да идеалдуу болсун десең, буларды кошуп кой” десе болот. Сиз барасыз, оңдоп коесуз, анан сонун болуп калат. Жетекчилерге айтаар элем, кол алдыңыздагы адамдардын жакшы тараптары дагы болот. Алгач алардын кылган ишине ыраазычылык билдирип, анан эмненин үстүнөн иштеши керектигин айтсаңыздар. Кечке эле сын көз караш менен карай берүү дагы болбойт. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт