Паспорттогу сандарга түшүнбөйм
Кутман күнүңүздөр менен! ИНН деген эмне жана ал паспорттун кайсы жеринде жайгашкан? Көп түшүнө бербейм.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! ИНН деген идентификационный номер налогоплательщика, кыргызчага которгондо салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (ИСН). https://salyk.kg/TaxPayer/Info бул шилтемеде кененирээк түшүндүрмөсү бар.
Ал эми паспортто “жеке номер” деп жазылган 14 сандуу номер сиз сурап жаткан ИСН. Бул номерди ЖИН деп да аташат. Жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда жана ушул мыйзамдын 71-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.
Мен сизге түшүндүрүп бере алдым деп ишенем! Ийгилик!