Атам талаага таштап кетти
16 жаштамын. Менден кийинки карындашым 14, иним 10, кичүүбүз 8 жашта. Атам 2013-жылы үйүбүздү сатып туруп таштап кеткен. Апам жалгыз иштейт. Биз батирде турабыз. Атам алиментти 5 жылдан бери бере элек. Кантип алсак болот? Сиздерден суранаарым, ушул көйгөй тууралуу жардам бериңиздерчи!
Нурислам Раимжанов
Юрист
Кутман күнүңүз менен! Алимент өндүрүп алуу боюнча соттун чечими чыкканбы? Эгер чечим чыгып төлөбөй жатса сот аткаруучуларга кайрыласыздар. Алар алиментти өндүрүп беришет. Эгер алимент өндүрүү боюнча чечим жок болсо, сотко арыз менен кайрылыңыздар. Алимент өндүрүп алуу жол-жоболору: https://bilesinbi.kg/article/156/
Менин биринчи турмушумдан бир кызым бар ал жолдошум Россия жергесинде кылмыш кылып камалып кетиптир....Мыйзамдуу турдо ажырашканбыз бирок кызымдын фамилясы атасынын атында...эми чет жерге алып чыга аламбы кызымды?жана камалып кеткендиги учун аталык укугунан ажыратсам болобу?