// //

БААУда окугум келет

2018.08.14, 10:31
1375

Мен келечекте программист болгум келет. БААУдан кандай факультеттер бар? Жеңилдиктер болобу? БААУнун диплому менен АКШда, Европада иштей аламбы? Мага маалымат бериңиздерчи. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.08.2018, 10:32

Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бири. Бишкек шаарында жайгашкан. Ал Борбордук Азиядагы АКШ гуманитардык колледжинин моделиндеги алгачкы жана жалгыз окуу жай болуп саналат. Окуу планы кредит-саат системасынын негизинде америкалык үлгү боюнча иш жүргүзөт. 1993-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин алдында Кыргыз-Америка факультети катары уюшулган. БААУда америкатаануу, бизнес башкаруу, маданий антропология жана археология, экономика, эл аралык саясат, журналистика, укук, психология, социология, программалуу камсыздоо долбоору багыттары боюнча билим берет. Бүтүрүүчүлөрү америкалык бакалавр дипломун алышат. Бул окуу жайдагы бакалавр даражасын алган студенттер магистратурага тапшырууга укуктуу. Профессордук-окутуучулук курамында АКШ, Улуу Британия жана башка чет өлкөлөрдөн келген жана кыргызстандык окутуучулар эмгектенишет. 1065 студент билим алат (2005), анын ичинде кыргызстандык студенттердин саны 830 (78%), башка мамлекеттен келгендер 235 (22%). Окуу жайы мультимедиалык лабораториялык, компьютер, видео жана аудиосистемалары, китепкана фонду, гезит, илимий журналдар менен жетиштүү жабдылган. Окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Толук маалыматты окуу жайдын интернет сайтынан ала аласыз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт