Эжемдин айынан көчөдө калдым
2018.08.09, 12:07
1192
Үйүбүз эжемдин наамына катталган. Эжем болсо биздин үйдү күрөөгө коюп, насыя алыптыр. Азыркы учурда насыянын пайызы өсүп кетип, үйдү алабыз деп жатат. Кантип эжеме насыяны төлөтөбүз?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.08.2018, 12:24
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, үй эжеңиздин атында болсо, мыйзам боюнча үйгө эжеңиз ээлик кылат. Документ жок банкка далилдеп бере албайсыз. Тууган уруктарды ортого салып эжеңизге түшүндүрүү ишин жүргүзүңүз.
Үй кантип эжеңиздин атында болуп калган? Эгер алдамчылык жол менен өзүнө каттатып алса “алдамчылык жол менен үйдү өзүнүн наамына өткөрүп алган” деп сотко кайрылсаңыз болот. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп