Тууганыма турмушка чыгам деп, баламан айрылдым
2018.08.09, 10:50
2308
Күйөөм экөөбүз тууган болуп кетебиз. Апаларыбыз бөлө. Биринчи балам ооруп, чарчап калган. Азыр экинчи балам ооруп, дарыланып жүрөбүз. Балама “Адреногенитальный синдром сольтеряющая форма” деп диогноз коюшту. Мен буга түшүнгөн жокмун. Түшүндүрүп бере аласыздарбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.08.2018, 10:51
Наталья Саломахина
Эндокринолог
Урматтуу айым, суроо менен кайрылып туура кылдыңыз. Бул укумдан-тукумга берилүүчү оору. Ар бир адамда гормон болот, ал холистериндерден түзүлөт. Гормондордун пайда болушуна көмөктөшүүчү атайын ферменттер бар. Сиздин балаңызда ошол ферменттердин бири жок. Эртерээк мыкты эндокринологдорго кайрылып, балаңызды дарылатсаңыз айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Мен сизге жана балаңызга ден-соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп