Актёр болгум келет
Актёр болсомбу деген планым бар. Жогорку билим алышым керекпи?
Нурлан Сыдыков
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актёру
Урматтуу суроо берүүчү, актёр болгуңуз келсе абдан жакшы. Менин оюмча бул каалоо жөндөн-жөн пайда болгон жок. Сизде актёрдук талант бар окшойт.
Театрда актер болууну кааласаңыз сөзсүз түрдө жогорку билим алышыңыз керек. Мисалы, 11-классты аяктап, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырсаңыз болот. Эгер өзүңүздү кино тармагында сынайм десеңиз, жогорку билим көп талап кылынбайт. Айтып коюшат эмеспи, ийгиликке жетүү үчүн 1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек керек деп. Талыкпай эмгектенип, аракет кылсаңыз тилегиңиз оорундалат. Туура тандоо кыласыз деген ойдомун. Ийгилик!