Филологго жумуш табылбайбы?
2018.08.08, 10:08
890
Сиңдим быйыл филология факультетин бүттү. Англис тили мугалими болот. Магистратураны лингвистика факультетине тапшырайын деген планы бар. Бирок, эжейи "филологияны бүткөндөн кийин магистратураны дагы филологияга оку, кийин жумуш табаарда кыйналып каласың” дептир. Мунун канчаалык деңгээлде чындыгы бар?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.08.2018, 10:18
КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Урматтуу окурман, сиңдиңиз бакалавр баскычынан “Филология” кесибине ээ болсо, магистратураны дагы ошол эле кесиптен уланта алат. 2011-жылдын 27- майында Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу шарттары өзгөртүлгөн. Ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп