// //

Күйөөмө болгон сүйүүм сууп барат

2018.08.07, 11:14
2864

Жолдошум менен 5 жыл сүйлөшүп турмуш кургам. Күйөөм мага чейин үйлөнгөн, 2 баласы бар. Балдары өзүнүн колунда. Мен булардын баарын билип, аларга эне болгонго аракетимди жумшайм деп тийгем. Бирок турмуш биз ойлогондой болуп бербейт экен. Балдарды кабыл ала албай койдум. Себеби алар кичинекей эмес, мектепте окушат. Жолдошум жакшы адам. Ага колумдан келбей жатат, кетем деп ачыгын айттым. Бирок ал, “балдарды ата-энеме берем, экөөбүз өзүнчө бөлүнүп жашайбыз” деп, мени коё бербей жатат. Балдарын кантип атасынан бөлүп кетем? Ошондой эле күйөөмдүн үй-бүлөсүн, балдарын жакшы көрүп кете албадым, өзүнө болгон сүйүүм дагы өчүп бара жатат, болгону аны аяйм. Баары мага жат, кыйналып кеттим. Жардам бериңиздерчи!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.08.2018, 11:28

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог

Урматтуу айым, суроо узатканыңыз үчүн рахмат! Бул маселени чечүү үчүн сиз дароо психологго кайрылыңыз. Катыңызда сиз эмнегедир өзүңүздү күнөөлөп жана жемелеп жатасыз. Үй-бүлө кура электе жакшы ой менен келгенсиз. Жашоодо ар кандай учурлар болот. Балдарды кабыл ала албаганыңыз тууралуу жолдошуңузга айтканыңыз туура болду. Өзүңүздү күнөөлөп, жаман адаммын дебеңиз. Сиз аракет кылдыңыз, бирок жыйынтык чыккан жок. Жолдошуңузга болгон сүйүүңүз өчүп, жашай албай жатсаңыз өзүңүздү кыйнабашыңыз керек. Сизге туура чечим чыгарууну каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт