Жиндилерге окшоп күлөм
18 жаштамын. Акыркы күндөрү аябай ачуулуу болуп калдым. Кээде жиндилерге окшоп күлөм, кээде ыйлайм. Күчүмдү айланамдагы адамдардан чыгарам. Дос кыздарым менен мамилем жок. Алар менен урушуп, көңүлүн оорутуп койгом. Кечирим сурагым келбейт. Мектепте окуп жүргөндө сөз көтөрө албай мушташканга чейин барчумун. Азыр уктап жатканда сүйлөнүп, сөгүнүп жана басып кетмей адат пайда болду. Ата-энем “бул мүнөзүңдү оңдо, бизден башка эч ким көтөрө албайт” дейт. Буулугуп, сыгылып эч ким жок жерде ыйлайм. Улуу кичүүсүнө карабай айтышам. Кичинекей нерсени чоң көйгөй кылып көрөм. Өзүмдү түшүнө албай турам. Азыркы учурда дем алуум начарлап, башым тез-тез ооруй баштады. Ата-энем молдого окутабыз деп жатат.
Менде жашоого болгон кызыгуу таптакыр жоголду. Эмне кылсам болот? Канткенде адам болом? Кеңеш бериңиздерчи!
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, азыр сиз өспүрүм курагындасыз. Гормондоруңуз нормалдаша элек. Ошондуктан сиз абдан сезимтал болуп жатасыз. Маанайыңыз бир туруп көтөрүлсө, бир туруп түшөт. Энергияңыз көп болуп жатса аны спортко жумшаңыз. Сиздин жүрүм-турумуңуз айланадагы адамдарга эч кандай терс таасирин алып келбеши керек.
Сөзсүз түрдө невролог/невропатологго же үй-бүлөлүк дарыгерге барып ал жайыңызды түшүндүрүп бериңиз. Алар жардам берүүгө дайым даяр. Психологго дагы кайрылуу ашыктык кылбайт. Ийгилик!