Кайын журтум баламды көрсөтпөй жатат
Мен 29, жубайым 20 жашта. Ажырашып кеттик. Ортобузда 2 жаштагы балабыз бар. Нике күбөлүгүн ала элек болчубуз. Балам апасы менен. Кайын журтум баламды көрсөтпөй жатат. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө сиз атасы катары көрсөтүлгөнсүзбү?
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 60-беренесинде бала ата-энесинин экөөсү менен тең катышууга укуктуу экендиги айтылат. Ушул эле кодекстин 71-беренесинде “эки бөлөк жашаган ата-эне өз баласы менен сүйлөшүп турууга укуктуу” деп жазылган. Демек, сиз балаңызды көрүп, жоолугуп турууга укутуусуз.
Жубайыңыз балаңызды көрсөтпөсө, маселени сот аркылуу чечсеңиз болот. Бирок, сотко кайрылганга чейин жашаган аймагыңыздагы социалдык коргоо борборунун балдарды коргоо бөлүмүнө арыз менен кайрылыңыз. Борбор жубайыңызга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эгер баланы дагы да көрсөтпөсө, сотко кайрыласыз. Сот атасы баласын канча жолу көрүүгө укуктуу экенин белгилеп берет. Ийгилик сизге!