Бут ортосунан кумарга баттык
2018.08.03, 11:47
2681
Жыныстык катнашка барбай эле, эки бутунун ортосунан кумар алса боюна болбойбу? Түйүлдүктүн пайда болгонун эң аз канча убакытта билсе болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.08.2018, 17:07
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Балам, сиздер кошулуп жаткан ыкманы "петинг" деп коёт. Петтинг - эрогендик зона аркылуу кумарлануу, өбүшүү, кучакташуу, сыйпалоо аркылуу жүрөт. Бул учур маструбация менен жыныстык кошулуунун ортосунда болуучу нерсе. Петинг учурунда кыз кош бойлуу болуп калышы мүмкүн. Эгер петинг маалында сактануу каражаттарын колдонбосоңор инфекция жугуу коркунучу бар. Этек кир убагынан 4-5 күн кечиксе, тест салып боюнда бар жогун билсе болот. Сүйлөшкөн кызыңыз менен биргеликте дарыгер-гинекологго барып, кеңеш алыңыздар.
0
Пайдалуу жооп