Таежем сабайт, интернатка кантип кетсем болот?
Быйыл 11-класс болом. Жашаган жерим жок. Көчөдө калдым. Апам алыста, атам жок. Таежемдин үйүнө барсам, мени сабап, кууйт. Кантип интернатка кирип, окусам болот?
Назгүл Чоломова
ЭСӨМдүн Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси
Кымбаттуум, абалыңыз абдан оор экен. Сиздин абалды толук түшүнүү үчүн бериле турган суроолор көп. Мисалы, учурда кайда жашап жатасыз, апаңыз сиз менен байланышпайбы жана башка дегендей. Эгерде таежеңиздин үйүндө жашасаңыз, ал сизге кол көтөрүп, үйдөн кууса, жашаган жериңиз боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына же окуган мектебиңиздеги социалдык педагогго, ИДН кызматкерине, жакшысы 111 балдар ишеним телефонуна байланышып, жагдайыңызды айтып бериңиз, чалуу акысыз. Сиз ишеним телефонго билдирүү жасагандан кийин, социалдык кызматкерлер териштире баштайт. Эгерде абалыңыз чынында эле оор болсо, атайын чара колдонулат. Бир нерсени билиңиз, интернатка соттун чечими менен гана жайгаштырылат. Сиз жакшысы 111 номурун терип, балдардын ишеним телефонуна чалыңыз. Сизге жардам бергенге аракет кылабыз.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Урматтуу суроо берүүчү, сиз 11-класс болсоңуз 16-жаштан жогору болуп каласыз. Ошондой эле сиздин колуңузда, 9-классты бүтүргөндүңүз тууралуу күбөлүк бар. Балдар үчүн жатак-мектеп 16 жашка чейинки балдарга гана билим берүү кызматын көрсөтөт. Сиз жатаканасы бар кесиптик билим берүү (кесиптик лицей) мекемелерине тапшырууга укугуңуз бар. Сизге ийгилик каалайбыз!