Кайним балдарымды урушат
Эки балам бар. Кайын журтум менен турам. Үйдө кайын сиңдимдин (ажырашып кеткен) балдары бар. Үйдөгү чоң кишилердин баары жумушка кетебиз, балдарды 7-класста окуган кайним карап калат. Кайним менин балдарымды жаман сөздөр менен (лохсуң, жиндисиң, ыйлааксың) көп айтат экен. Күндөн-күнгө балдарым чүнчүп баратат. Кайын эне, кайын атамдар унчукпайт. Кайниме мен же жолдошум “кой антпе” десек, кайын эне, кайын атамдар сүйлөнүп, ыйлап, жинденишет. Тынч жашоо үчүн унчукпайбыз. Мен балдарымды өзүн-өзү баалаганга кантип үйрөтөм? Кантип тарбия берсем болот?
Айгүл Камалова
Эрте курактан өнүктүрүү боюнча эксперт
Суроо берүүчү, сиз балдарыңыздын коопсуздугун жана кызыкчылыгын биринчи орунга койгонуңуз туура болот. Кайын эне-атага жолдошуңуз менен кеңешип туура түшүндүрүңүз. Себеби, бала кичинекейинде эмнени көрсө, чоңойгондо ошону жасайт. Алсыздарга зордук-зомбулук көрсөтөт. Терс көрүнүштөрдү нормалдуу кабыл алган адам болуп калышы мүмкүн. Ал эми балдарыңыздын өзүнө болгон ишенимин жогорулатыш үчүн, алардын жетишкендиктерин чогуу олтурганда билдирип, сыймыктанаарыңызды айтыңыз. Кылган жакшы иштерин мактап туруңуз. Кайын сиңдиңиздин баласы ата-эненин мээримине муктаж болуп, ушундай ишке барышы мүмкүн. Ага дагы жакшы мамиле кылып, жолдошуңузга да муну сунуштаңыз.