// //

Окусамбы же иштесемби?

2018.07.31, 15:56
1464

Мен 16-жаштамын. 5 бир тууганмын. Быйыл 9-классты кызыл күбөлүк менен бүтүрдүм. Бирок окууга тапшырайын десем, үйдөгүлөр макул болбой койду. Быйыл төртөөбүз мектепке бармакпыз. Бизди кийинтип-ичиргенге ата-энемдин чамасы жетпей калат. Кичүү сиңдим да мээсинин бир жарым шары өспөй калган, дарыланат. Мен үйдөгүлөргө жардам берип, окубай эле иштесемби дегем. Эмне кылсам болот? Башым катып жатат. Атам, апам эч жерде иштебейт. Апам сиңдимди ойлоп кийинки күндөрү көп ооручу болуп калды. Алардын кыйналганын көргүм келбейт. Атам ичет, майдачыл киши, эч нерсеге түшүнбөйт! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.07.2018, 15:58

Айгүл Камалова

Балдарды өнүктүрүү боюнча эксперт 

Кызым, биздин мыйзам боюнча сөзсүз түрдө 9-класстын базасында билимдүү болуш керек. Андан кийин ар бир жаран билимин улантууну же токтотууну өзү чечет. Бирок, менин оюм боюнча, сиз билим алууну  улантуу менен биринчи ирет өзүңүзгө, андан соң ата- энеңизге, бир туугандарыңызга көбүрөөк пайда келтиресиз. Сиз орто кесиптик окуу жайларына контракт төлөбөй окуй аласыз. Андан сырткары ал окуу жайларында жатакана да болушу мүмкүн. Азыр караштырып баштасаңыз, убактыңыз бар. Бир жакшы кесиптин ээси болуп чыгасыз. 18ге чыга элек болгондуктан, кесибиңиз жок, кара жумушка мыйзамсыз иштейсиз.

Тамара Воронцова 

Психолог

Кымбаттуум, абалыңыз оор экен. Мен сизди түшүнүп турам. Бирок сизге бир нерсе айта кетейин дүйнөдөгү белгилүү адамдар жаш кезинде жетишпеген турмушта чоңоюшкан. Мындай турмуш көп нерсеге жетүүгө түрткү берет. Андыктан жакшы окуп, алдыга максат коюп, ага жетүүгө аракет кыла бериңиз. Ата-энеңизге акча табууга жардам берсеңиз болот. Алсак, сатууга мүмкүн болгон кийим тиккенди, тамак бышырганды, кооз жасалгаларды жасаганды үйрөнүңүз. Бирок мектептен кийин гана. Бул нерсенин баары кийин жашооңузда керек болот. Баары жакшы болот. Сизге ийгилик каалайм.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт