Төшөктү булгап коём
Саламатсыздарбы! 19 жаштамын. Уктап жатып заара чыгарып коём. Күндүзү деле, дааратканага дароо барбасам, турган жеримен сийип жиберем. Эч жакка бара албайм. Ата-энем “өзү калып калат” деп коет. Мен абдан уялам. Азыр мага куда түшүп келип жатышат. Бирок, оорум айыкпаса кантип турмушка чыгам!? Жардам берүүңүздөрдү өтүнөм!
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, бул ооруну “энурез” деп коёт. Медициналык жана психологиялык жактан дарыланыш керек. Ата-энеңиздин бул тууралуу маалыматы жоктугунан, бүгүнкү күнгө чейин “айыгып кетет” деп жүргөндүр. Дарыланбай турмуш жолуна аттанып алсаңыз, өзүңүздү ыңгайсыз сезип, жашооңузду көркүнө чыгара албай каласыз. Апаңыз менен биргеликте келиңиз, сизге жардам берүүгө даярмын! Дарегимди редакциядан алсаңыз болот.