Апамды алдап кетишти
“QUESTRA WORLD" деген компания тууралуу маалымат бере аласыздарбы? Кыргызстанда иштеген офистери барбы? Апам интернетти пайдаланганды билбегендиктен, таанышы аркылуу кошулуптур. Ал компанияга кошуп койдум деп, 250 000 сом акча алып кеткен. Эми болсо ал “компания жабылып калды” деп, Турцияга кетип калыптыр. Акчадан болсо дайын жок. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, бул компания 2017-жылы Жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) катары каттоодон өткөн. Азыркы учурда иштеп жатат. Компания эч кандай товар сатпайт, финансылык ортомчулук кылып иш алып барат.
Сиз эмне кылышыңыз керек?
Биринчиден: Апаңыз акча алып кеткен аялдын үстүнөн милицияга арыз менен кайрылышы керек. Арызда: акча алган аялдын ата-жөнү, канча өлчөмдө акча алганы, качан алганы жана башка толук маалымат болушу керек.
Экинчиден: Финансы полициясына, “Таанышым (ата-жөнү) 250 000 сом өлчөмүндөгү акча алып, QUESTRA WORLD деген компанияга каттатам деген. Бирок кийин ал компаниянын жабылып калганын айтып, өзү Турцияга кетип калды” деп арыз менен кайрылыңыз. Органдардын текшерүүсүнөн сиз жабырлануучу катары табылсаңыз, акчаны кайрып алуу мүмкүнчүлүгү бар.
QUESTRA WORLD фирмасы тууралуу: http://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=454589