21 жаштагы эжем китеп окуй албайт
Айылдан келген 21 жаштагы эжем окуй албайт. Аракет кылып окутуп көрдүк, баары бир болбой койду. Кантип окутсак болот?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Урматтуу суроо берүүчү, эмне себептен эжеңиз окуй албайт, толук жазсаңыз жакшы болмок. Мектепке барбай калдыбы беле? Канчанчы класска чейин окуган? Ден-соолугу кандай? Эгерде эжеңиз белгилүү бир шарттарга ылайык толук билим ала албай калса, сырттан билим берүү мекемелеринен окуусун бүтүрө алат. Бул үчүн ар бир облуста, район, шаарларда атайын кечки мектептер ачылган. Белгилүү мөөнөткө чейин кайсы мектепте окуса, ошол жерге барып, документтерин алып, жашаган жеринин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырса болот. Ошол жерден мугалимдер окуп кетүүсүнө жардам беришет. Баары эжеңиздин каалоосунан көз каранды. Эжеңизге ийгилик каалайбыз!