Курсагым жарылып кетти
2018.07.24, 12:26
1083
Кош бойлуу кезде курсак териси жарылып калат эмеспи. Из калбашы үчүн алдын ала крем сүйкөп же төрөгөндөн атайын каражаттардын жардамы менен кетирсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.07.2018, 12:31
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, кош бойлуу айымдын көкүрөгү, курсагы түйүлдүктүн чоңоюшу менен кычыша баштайт. Бул учурда кычышкан жерлерди тырмабоо өтө манилүү. Көз жаргандан кийин кычышуу кетет дагы, жарылган тактар кала берет. Нымдандыруучу крем менен курсакка, төшкө жумшак массаж жасаңыз. Бирок, жарылып кеткен териге арналган крем, лосьондор 100% жардамын берет деп кепилдик бере албайм. Колдон келишинче териге жарылганга чейин кам көрүү керек. Дарыгерге барып, кеңеш алууну унутпаңыз.
0
Пайдалуу жооп