12 жашар карындашымдын жигити бар
Карындашым 12 жашта. Кечээ күнү жигити бар экенин билдим. Азыр ага абдан кабатыр болуп жатам. Ал ишенчээк. Кумарга азгырып кетеби деген ойлор башымдан кетпей жатат. Өзүм сүйлөшөйүн десем Россиядамын. Кантип туура түшүндүрсөм болот?
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Окурман, жигит дегенди ар ким ар кандай кабыл алат. Бирөөлөр жигит десе эле интимдик байланышы бар деп ойлойт. Бул туура эмес. Балким карындашыңыз менен сүйлөшүп жүргөн досу же классташыдыр.
Бул жерде ал баланын канча жашка улуу экени маанилүү. Эгер бала 18 жаштан жогору болсо анда-бул кылмыш. Жаш курактары тең чамал болсо сиз алардын мамилесине каршы боло албайсыз, уруп койгонго дагы укугуңуз жок. Терс кыймыл-аракет аркылуу карындышыңыздын психологиясына зыян алып келесиз. Мамиле курган адамдарынан коргой берсеңиз, өзүнө болгон ишеничи жоголот. Ошондуктан карындашыңыз менен ачык сүйлөшүп, ортодогу мамилеси кандай экенин сураштырыңыз. Кумарга батып же жыныстык катнашка барат деп кабатыр болуп жатсаңыз, ал жөнүндө дагы айтып көрүңүз. Урушуп же кол көтөрүү менен көйгөй чечилбейт.