Боюмдагы баланы таштоого мажбурмун
2018.07.19, 13:32
1641
Экинчи күйөөм менен 3 ай жашап ажыраштым. Боюмда бар. Баламды төрөгөндө атасына берип, 5-6 жылдан кийин сот аркылуу кайрып алсам болобу? Иштеп, үй алайын деген пландарым бар эле.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2018, 13:33
Назира Абдумуминова
Юрист
Урматтуу айым, азыр болот же болбойт деп айтуу кыйын. Сиз жаңы төрөлгөн баланы атасына таштап коюп, 5-6 жыл каралашпай иштеп, үй алып, балаңыз мектеп курагына келгенде сот аркылуу алам деп жатасыз. Баланы багып чоңойткон атасынын да ага өз милдети, укугу болот. Мындай маселени ошол учурда сот гана чече алат. Жакшылап ойлонуңуз. Жакындарыңыз менен кеңешүүнү унутпаңыз.
0
Пайдалуу жооп