// //

Түркияга алып кетчү агенттиктерге ишенсе болобу?

2018.07.18, 11:42
917

Жакында Түркияга иштеп келейин деп жатам. Документтерим, акчаларым даяр. Кайрылган агенттикке толук ишенбейм. Алардын легалдуу экенин кантип билсем болот?  Алдап барып, акчамды алып, сатып жиберсе эмне кылам деп корком. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.07.2018, 11:44

Бакытбек Жолчуев

Мамэкотехинспекциянын эмгекти жана эмгек мамилелерин коргоо бөлүмүнүн башчысы 

Урматтуу окурман, ишенимдүү агенттикпи же жокпу деп кабатырланып жатканыңыз эң туура. Көптөрү өздөрүнчө иш алып барып, жаман нерселерди жасап жатышат. Биринчи лицензиясын караңыз. Себеби расмий иштеп жаткандары КР миграция кызматынан жана Эмгек министрлигинен каттоодон өтүп, лицензия алышат. Чынында эле  лицензиялары каттоодон өткөнбү же жокпу билүү үчүн, миграция кызматына чалыңыз. Баарын текшерип алып анан кетиңиз. Ийгилик сизге!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт