Досторум менен мамилем начар
Кичинекейимден бери эле классташ дос балдарым менен мамилем келишпейт. Алар менин көзүмчө жакшы сүйлөп, көзүм жокто жамандашат. Кантип тил табышсам болот?
Тамара Воронцова
Психолог
Урматтуу окурман, адамдар менен тил табыша билүү-жашоодогу эң негизги нерсе. Жумушта, карьера курууда жана үй-бүлөдө бул нерсенин жардамы тиет. Жубайыңыз, анын туугандары жана балдарыңыз менен жакшы мамиле түзө билгенди, кошуналарыңыз, досторуңуз менен тил табыша алганды билүү абдан маанилүү. Өкүнүчтүүсү бул маанилүү нерсени эч жерде окутуп, үйрөтпөйт. Туугандарыңыз менен кандай байланыштасыз? Эмне себептен классташтарыңыз менен мамилеңиз ушунчалык жаман болуп жатат?
Төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
- Уруш-талаштын, сизге негативдүү мамиленин себеби эмнеде?
- Сиз эмнени туура эмес жасадыңыз?
- Мындай абалга келбөө үчүн эмне кылуу керек эле?
- Эгерде дагы бир ирээт кайталанса, эмне кыласыз?
Эгерде классташтарыңыздын сизге болгон мамилесинде олуттуу бир себеби жок болсо, алар менен мамилени оңдоого ар дайым кеч эмес, үйрөнүп, колдонсо болот.
Эгерде колуңуздан келбей жатса, анда психологго кайрылыңыз.
Бул абдан маанилүү. Себеби компромисс таба билүүдөн, сиздин келечек жашооңуз көз каранды. Үйрөнүп, баарын оңдоого ар дайым мүмкүн. Мен сиздин абал жакшырып, досторуңуз, курбуларыңыз пайда болооруна ишенем. Баарлашуусу жок адам жалгыз жашай албайт.
Баары өз колуңузда, сизге ийгилик каалайм!