Геморройду кантип дарылайт?
2018.07.15, 17:03
2873
Геморрой тууралуу айтып бересизби? Кантип дарыланса болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2018, 10:55
Гульмира Асанбекова
проктолог
Окурман, геморройдун 4 баскычы бар. Ар бир баскычында операция жасатса же операциясыз эле дары-дармек, аппараттык метод менен дарыласа болот. Сизди текшербей туруп, кайсы баскычы экенин аныктоо кыйын. Геморрой үчүн атайын шамдар, маздар бар. Бирок дарыгердин көзөмөлү менен гана, баскычын аныктап анан дарылоо курсун аласыз. Андыктан өз алдынча ар нерсе кыла бербеңиз. Ден-соолугуңузга кам көрүп, тезирээк проктологго кайрылыңыз. Бул жерде уялып, тартынуунун эч кандай пайдасы жок. Убагында дарылабасаңыз, өрчүтүп аласыз.
0
Пайдалуу жооп