// //

Тилек Токтогазиев, бизнесмен: “Эң мыкты бизнес план-бул практика!”

2018.05.29, 17:13
2861

Учурда бизнес менен алектенгендер көп. Алардын ичинде “Жашыл Чарба” агрохолдингинин жетекчиси, бизнесмен Тилек Токтогазиев аттуу мекендешибиз бар.

Айыл-чарба багатында бир топ ийгиликтерге жетишип, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келе жаткан жаш бизнесмен менен ийгилик сырлары тууралуу баарлаштык. Назарыңыздарга өткөрүлгөн маектин урунтуу учурларын тартууладык. Толук версиясын төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар. https://www.youtube.com/watch?v=0BHuzx1VITo

  • Биринчи акчамды 10-класста тапкам. Ырымдап үйгө тамак-аш алып баргам.
  • Бизнес кылуу-бул коомго өзүңдүн кызматыңды көрсөтүү.
  • Бизнесмен адамдардын психологиясын түшүнө билиши керек.
  • Бизнес ачуу үчүн акчанын кереги жок, баарын кичинеден баштаңыз.
  • Бизнести баштоо үчүн алгач өндүрө турган продуктуңузду сатып көрүңүз.
  • Жактырган нерсеңизди жасасаңыз эч качан жалкоолук болбойт.
  • Бизнес жасоого акчаңар жок болуп жатса, анда азыр силерге акчанын кереги жок, кереги тийгенде өзү пайда болот.
  • Билгендерибизди бири-бирибизге үйрөтсөк, дүйнөлүк деңгээлде атандаш боло турган компанияларды кура алабыз!
  • Бизнесте кризистер болот. Кыйынчылык болбосо жаңы деңгээлге чыга албайсыңар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт