Тилек Токтогазиев, бизнесмен: “Эң мыкты бизнес план-бул практика!”
2018.05.29, 17:13
3130
Учурда бизнес менен алектенгендер көп. Алардын ичинде “Жашыл Чарба” агрохолдингинин жетекчиси, бизнесмен Тилек Токтогазиев аттуу мекендешибиз бар.
Айыл-чарба багатында бир топ ийгиликтерге жетишип, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келе жаткан жаш бизнесмен менен ийгилик сырлары тууралуу баарлаштык. Назарыңыздарга өткөрүлгөн маектин урунтуу учурларын тартууладык. Толук версиясын төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар. https://www.youtube.com/watch?v=0BHuzx1VITo
- Биринчи акчамды 10-класста тапкам. Ырымдап үйгө тамак-аш алып баргам.
- Бизнес кылуу-бул коомго өзүңдүн кызматыңды көрсөтүү.
- Бизнесмен адамдардын психологиясын түшүнө билиши керек.
- Бизнес ачуу үчүн акчанын кереги жок, баарын кичинеден баштаңыз.
- Бизнести баштоо үчүн алгач өндүрө турган продуктуңузду сатып көрүңүз.
- Жактырган нерсеңизди жасасаңыз эч качан жалкоолук болбойт.
- Бизнес жасоого акчаңар жок болуп жатса, анда азыр силерге акчанын кереги жок, кереги тийгенде өзү пайда болот.
- Билгендерибизди бири-бирибизге үйрөтсөк, дүйнөлүк деңгээлде атандаш боло турган компанияларды кура алабыз!
- Бизнесте кризистер болот. Кыйынчылык болбосо жаңы деңгээлге чыга албайсыңар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.