// //

Көз айнексиз жүргүм келет

2018.07.13, 14:38
901

Көздү лазер менен туралоо боюнча маалымат бере аласызбы? Зыяны жокпу? Кыргызстанда жасалабы? Баасы кандай?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.07.2018, 14:45

Аида Аскеева 

Офтальмолог

Урматтуу окурман, лазердик туралоо биздин мамлекетте жасалат. Суммасы болжол менен миң доллар. Лазердик туралоонун сиздин көзүңүзгө, жашыңызга жараша кылат. Көбүрөөк лазер менен туралатуу чел кабыктын жукарышына алып келет. Эгер сиз кичинекей кыз болсоңуз сизге жасаганга болбойт. Себеби, сиз кийин төрөйсүз. Азыраак лазердик туралоо болсо, жасатсаңыз болот. Туралатуу кылгандан кийин 2-3 ай көзүңүз кызарып, реабилитация болот. Бирок, көзүңүздө миопия же гиперметропия оорусу бар болсо айыкпайт, болгону көз айнексиз жүрүп каласыз.  Зыяны: Көздүн чел кабыгы жукарат, сезгенет, жукарган чел кабык кийин төрөгөндө жарылып кетиши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен көздүн көрүүсү кайрадан начарлап, көз айнек тагынып калышыңыз ыктымал.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт