Жигит менен мамилем көпкө созулбайт
20 жаштамын. Студентмин. Мен жигит менен мамиле түзгөндө көпкө созулбайт. Ашып кетсе 2 ай. Алар мага жакшы мамиле кылса дагы, сүйлөшкүм келбей калат. Азыр дагы бир бала менен сүйлөшүп жүрөм. Төрт айдан кийин тоюбуз болот. Мамилем дагы токтоп калабы деп корком. Кандай жол менен өзүмдү токтото алам?
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сурооңуз абдан кызыктуу экен. Өзүңүздү кантип токтото алаарыңызды бир гана өзүңүз билесиз. Мени кызыктырган суроо: Эмне үчүн сиз мамилелериңизди 2 айдан кийин үзүп саласыз?Балким мурунку мамиледе болгон жигиттер сизге жакчу эмес, же сиздин талаптарыңызга жооп бере алышкан жок. Сиздин коркуу сезимиңиздин себеби бар чыгар. Жөндөн жөн эле мамилени үзүп салуу көп кездешпейт да. Мүмкүн сиз жоопкерчиликтен коркосуз же сүйүп калуудан качасыз. Эгерде азыркы учурдагы сүйлөшкөн жигитиңиз жагып, үй-бүлө курууга даяр болсоңуз анда коркуунун кажети жок. Эгер 4 айдан кийинки тойдон коркуп жатсаңыз ал туурасында жигитиңизге сөзсүз түрдө айтыңыз.
Сиз эркин адамсыз жана тандоого толук укугуңуз бар!