Таенем көргүлүктү көрсөттү
Быйыл 10-классты аяктадым. Апам 2-классымда каза болгон. Атам бизди карабайт, катташпайбыз. Таенемдин колунда чоңоюп, өстүм. Кийинчерээк апамдын бакма кыз экенин билдим. Таенем дайыма жемелеп, баарына чыдаганга аракет кылсам дагы күн көрсөтпөйт. Ар кайсы шылтоону табып урушат. Ушунчалык тажадым, жашагым келбейт.
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сизди түшүнүп турам. Абал абдан оор экен. Эң негизгиси жалгыз эместигиңизди билишиңиз керек. Сизге жардам берчү адамдар бар.
Апаңызды жоготконуңуз жашооңуздагы абдан оор этаптардын бири. Ага карабастан баардыгына чыдап келгениңиз чоң эрктүүлүктүн белгиси. Сиз атаңыз менен катташкыңыз келсе ага кат жөнөтүңүз же болбосо айыл өкмөтү аркылуу жардам сурасаңыз да болот. Алдыда жакшы күндөр күтүп турат, ошондуктан капаланбай алдыга болгон пландарыңызды жазып, кайсыл оку жайга барарыңызды тандап, келечекке кадам таштаганга даярданыңыз.
Сизге жардам берчү психологдор жана социалдык кызматкерлер менен байланышыңыз:
Балдарды коргоо лигасынын ишеним телефону - 0(312) 66 25 87
Балдар учун ишеним телефону-111 (чалуу акысыз).