Ата-энем мени колдобойт
Үй-бүлөдө эң кенжесимин. Менин төрт эжем, бир агам бар. Агам менден 2 жаш улуу. Үйдө атам, апам, агам болуп жашайбыз. Эжелеримдин баары турмушка чыккан. Кичүүсү болгондуктан үйдүн да, сырттын да жумушуна жардам берем. Кээде баарын өзүм кылып коём. Агам болсо жардам берейин деп дагы койбойт. Ата-энем дайым мени басынтып, агамды колдоп турат. Мисалы, агам уктап мен үй жумуштарын кылып жатсам, менден кемтик таап уруша баштайт. Байкем апамдар жокто мага кол көтөргөнгө чейин барат. Уруш укпайын деп жумушумдун баарын так кылам. Кийинки күндөрү ата-энемден алыстадым, көздөрүнө тике карабайм, жаман-жакшы жаңылыктарымды айтпайм. Эне-атам бере албаган мээримди атамдын карындашынан алам. Ал эжем абдан жакшы! Мага кеңеш бериңиздерчи!
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу өспүрүм, сиздин катыңызды окуп, татаал абалда болгонуңузду түшүнүп турам. Өспүрүм болуп туруп өзүңүздүн моюнуңузга көп иштерди жүктөптүрсүз. Мындай абалда болуу абдан оор. Ата-энеңиздин болгон акыйкатсыздыгы жакшы көрүнүш болуп эсептелбейт. Сиз ата-энеңизге ой-толгоолоруңузду айтканга аракет кылып көрүңүз, балким алар кыйналып жаткаңызды көрбөй же түшүнбөй жаткандыр. Болбосо атаңыздын карындашы аркылуу бул маалыматты жеткириңиз.
Үйдөгү болгон иштерди үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү бирдей арткарганы туура болот. Сиз апаңызга байкеңиз жана сизге иштерди тең бөлүштүрүп берүүсүн өтүнүп көрсөңүз.
Улуу агаңыздын көл көтөрүүсү кылмыш болуп эсептелинет. Ата-энеңиз же эжеңиз бул суроону чече албаса сиз ак-сакалдар сотуна же милицияга кайрылып көрүңүз. Байкеңиздин кол көтөрүүсү бир күнү катуу жаракат алып келиши ыктымал.
Сиз 111 балдар үчүн ишеним телефонуна чалып жардам сурасаңыз болот. Телефон чалуу акысыз.